Бүгүн Брюссел шаарында өткөн Европа парламентинин сессиясында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро чыгып сүйлөп, Иракта чет өлкөлүк дипломаттарга кол салуулар болуп жатканын сынга алды. Анын айтымында, АКШ жетектеген эл аралык күчтөр Ирактан - өлкөдө коопсуз абал орногондон кийин гана чыгып кетет. "Ал-Каида" уюму кечээ күнү билдиргенге караганда, Мисирдин Ирактагы элчиси барымтага алынып кеткен. Кечээ күнү Пакистандын өкүлүнө да кол салынган жана ал кийин мекенине чыгып кетти. Ирак жетекчилигинин бүгүн жарыялаганына караганда болсо, кошуна Йорданияда - Абу Мусаб аз-Заркавинин устаты кармалды. Заркави - "ал-Каиданын" Ирактагы аракеттерин жетектейт.