Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Шотландияда эң өнүккөн мамлекеттердин саммити башталууда


Шотландиянын Глениглс шаарында бүгүн дүйнөнүн эң өнүккөн сегиз мамлекетинин жетекчилеринин үч күндүк бийик жолугушуусу башталууда. Саммитке АКШ, Алмания, Британия, Италия, Канада, Жапония, Орусия жана Франциянын лидерлери катышат. Шаар жана анын айланасындагы тартипти он миңге жакын полициячы кайтарууда. Кечээ күнү Шотландиянын борбору Эдинбург шаарында жүздөгөн адамдын катышуусунда каршылык демонстрациялар болуп өткөн, анын катышуучулары глобализация аркылуу капитализмдин жайылышына каршы. Полициянын айтымында, эки адам камакка алынды. Саммиттин күн тартибинде Африкадагы жакырчылык жана дүйнөлүк аба ырайынын өзгөрүү проблемалары, ошондой эле соода-сатык иштерин либералдаштыруу маселеси да бар.

XS
SM
MD
LG