Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

2012-ЖЫЛДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЛОНДОНДО БОЛОТ


2012-жылдын Олимпиадасы британ башкааласы Лондондо болот. Мындай чечим шаршембиде Эл аралык Олимпия комитетинин Сингапурдагы жыйынында кабыл алынды. Олимпия комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берүүнүн төртүнчү айлампасында Лондонго артыкчылык беришти.

Ошентип, британ башкааласы Олимпиада өткөрүү бактысына үчүнчү ирээт туш келип олтурат. Лондон алгачкы жолу1908, андан кийин 1948 –жылкы Олимпиаданы тоскон. Эл аралык Олимпия комитетинин төрагасы Жак Рогге Сингапурдагы салтанаттуу жыйында 2012-жылдагы 30-Олимпиада Лондондо өтөөрүн жарыялаганда, анын сөзүн катышуучулар менен бирге британ башкааласынын Трафальгар аянтында топтолуп, жыйынды чоң телеэкрандан көрүп турган адамдар да кыйкырык–сүрөөн менен тосуп алышты.

Баяндамачылар белгилеп жатышкандай 2012 –жылдагы Олимпиада үчүн күрөш өтө курч жүрдү деп айтууга болот. Соңку эки жылдан бери ал үчүн беш шаар: Париж, Лондон, Нью-Йорк , Мадрид, Москва атаандашып келди.

Алардын ичинен бирин тандоо өтө кыйын экенин шейшембиде Эл аралык Олимпия комитетинин төрагасы Жак Роггенин өзү да моюнга алган болчу:

-2012-жылкы оюндардын конок ээсин тандоо талапкерлердин жогорку жетишкендиктерин эске алганда жеңил болбойт.

Айткандай эле Лондон Парижди төрт добуш менен утуп алды. Эл аралык Олимпия комитетинин талапкер шаарлардын мүмкүнчүлгүн изилдеген комиссиясы өткөн айдын башында алгачкы тыянагын жарыялагандан бери көч башындагы шаар катары Париж жана анын негизги атаандашы деп Лондон, мүмкүнчүлүгү эң азы ирээтинде Москва аталып келген. Шаршембидеги добуш берүү мындай жоромолдорду жарым-жартылай ырастады. Добуш берүүнүн алгачкы айлампаларында марадан эң оболу Москва, андан кийин Нью-Йорк менен Мадрид чыгып калып, Эл аралык Олимпия комитетинин мүчөлөрүнө эң соңку айлампада Париж эмес Лондонго артыкчылык беришти.

Өз шаарларына күйөрман болу үчүн Сингапурга британ, француз, орус, испан жана америкалык олимпидачылар менен спорт жылдыздарынан жоон тобунан тышкары президент Жак Ширак, премьер- министрлер Тони Блэр менен Хосе Луис Сапатеро, АКШнын мурдагы биринчи айымы, сенатор Хилари Клинтон өңдүү саясатчылар да келген болчу. Орусия президенти Владимир Путин болсо Эл аралык Олимпия комитетинин жыйынына англис тилинде видеокайрылуу жасаган.

Чоң сегиздин Шотландиядагы саммити алдында Лондон үчүн үгүт жүргүзүп, Сингапурда эки күндү өткөргөн британ премьер Тони Блэр Олимпия комитетинин чечими чыккандан кийин мындай деди:

-Мен бул Лондон үчүн маанилүү күн деп эсептейм. Менимче, биздин буга кайрадан акыркы ирмемде ээ болгонубуздун бир жүйөөсү ,албетте, Лондон жана лондондуктардын бул аракеттин артында турушу. Бул ишти аткарууда алар өз салымын кошту.

Тони Блэр жогорудагы сөздөрдү Шотландиянын Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн саммити өтүүчү Глениглс шаарчасындагы маалымат жыйынында айтты.

Ал эми мунун алдында Сингапурда Эл аралык Олимпия комитетине жасаган кайрылуусунда Тони Блэр алар комитеттин эң мыкты өнөктөшү болоруна ишендирген эле:

-Олимпиадалык оюндардын конок ээси болуу – уникалдуу сыймык. Сыймык менен катар бул - Эл аралык Олимпия комитети менен өтө мыкты кызматташтыкты талап кылган чоң жоопкерчилик. Мен сиздерди биз эң мыкты өнөктөш боло аларыбызга ишендирем.

Олимпиадалык оюндар аны тоскон шаарга спортчуларды, миңдеген спорт күйөрмандарын гана эмес керектөөчүлөрдү да алып келет. Оюндан кийин да көптөгөн жылдарга кызмат кылуучу инфраструктура, транспорт жана башка тармактардын жакшырышына өбөлгө түзөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG