Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Жалалабат облусунда бруцеллез оорусу күч алууда


ЖАЛАЛАБАТ. Облуста бруцеллез менен ооруган 183 адам катталды, же ооруну жуктуруп алгандардын саны былтыркыга караганда 30,1 пайызга өстү. Оору өзгөчө Аксы, Алабука, Чаткал, Сузак, Базаркоргон райондору менен Ташкөмүр жана Каракөл шаарларында көбөйүүдө. Мындай маалымат облустук санитардык эпидемия станциясынан алынды. Маалыматка караганда, адамдар бул илдетти мал чарба үнөмдөрүн пайдаланууда санитардык талаптарды эске алышпастан таза бышырылбаган эт менен кайнатылбаган сүттөрдү пайдалануудан, мал-койлордун төлүн кабыл алганда жуктурушкан. Көпчүлүк адамдар бруцеллезго каршы эмдөө дарыларын алышкан эмес. Облустун Чаткал жана Алабука райондорунда өткөн беш ай ичинде кутурмадан үч адам өлгөн. Жолбун иттер менен, мышык жана келемиштерден облустагы 1061 адам жабыркаган.

XS
SM
MD
LG