БИШКЕК. Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановго жана мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловго кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген негиздеме менен кылмыш тагуу жагы каралып жатат. Бул аталган адамдардын көрсөтмөлөрүнө караганда, алардын жардамы менен экс-президент Аскар Акаевдин колуна мамлекеттик казынадан 420 миң доллар акчалай тапшырылган. Бул маселе Аскар Акаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу маселесинин көтөрүлүшүн шартташы ыктымал. Мындай пикирин Башкы прокурор Азимбек Бекназаров бейшемби күнү билдирди. Башкы прокурор буга чейин Айдар Акаевге кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу анын депутаттык укугун карап көрүү сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал эми Жогорку Кеңеш бул маселеге сентябрда кайрылууну чечкен. Ошол эле учурда Айдар Акаев сентябрда парламентке ишке чыгарын жарыялаган.