БИШКЕК. БШК Бишкек жана башка ири шаарларда утурумдук жашап, иштеп жүргөн атуулдарды президенттик шайлоого катыштыруу боюнча соңку чечим кабыл алды. Ага ылайык президенттик шайлоого чейин өз жашаган жериндеги шайлоо участогунан расмий документ алып келе албаган атуулдар шайлоого катыша алышпайт.
Бул тууралуу БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов «Азаттыктын» кабарчысына билдирди:
- Биз ушунда чечим кабыл алдык. Жашаган жерине барып, керектүү документ алып келе албаган миңдеген атуулдар шайлоого катыша алышпайт.
Бейрасмий маалыматтар боюнча, учурда Бишкек жана башка шаарларда миңдеген атуулдар жүрүшөт. Ал эми көпчүлүк атуулдардын шайлоого чейин өз жашаган жерине барып келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок.