БИШКЕК. Өлкө боюнча баары болуп 2182 шайлоо участогу ачылды. Алардын баары шайлоону өткөрүүгө толук даярдыкка келтирилди. Ал эми бүгүнкү күнгө карата 2 миллион 590 миң шайлоочунун тизмеси такталды. Бул тууралуу БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, учурда бардыгы болуп 2 миллион 600 миң бюллетень басылды. Анын ичинен Россияга 50 миң бюллетень жеткирилди. Жалпысынан шайлоонун биринчи турун өткөрүүгө 40 миллион сом, экинчи турга 20 миллион сом жумшалышы каралган.