БИШКЕК. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаровдун бейшембиде билдиргенине караганда, 17-июндагы окуяны экс-президент Аскар Акаев Москвада туруп телефон аркылуу башкарган, муну далилдөөчү фактылар бар. Бул маселе жакынкы аралыкта Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланары күтүлүүдө деп билдирди Мадумаров. Анын айтымында, 17-июнь окуясын уюштуруучулар президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучулар Данияр Үсөновду жана Адахан Мадумаровду жок кылуу максатын көздөгөн. Ал эми апта башында уюштурган маалымат жыйынында экс-президенттин адвокаты Максим Максимович Аскар Акаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн 17-июндагы окуяга тиешеси жок экендигин билдирген.