Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

СИЗОдогу 12 бозгундун иши аныкталды


БИШКЕК. Анжиян окуясында баш калка сурап келгендердин эч кимиси Өзбекстан тарапка кайтарылбаш керек деген Эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын билдирүүлөрү негизсиз. Мындай пикирин бейшембиде уюштурган маалымат жыйынында Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, Оштогу тергөө изоляторунда отурган 29 өзбекстандыктын айланасындагы иш дээрлик жыйынтыкталып бүттү. Мындан мурдараак укук коргоочу «Адилет» уюму 29 адамды СИЗОдо кармоо мөөнөтү 9-июлда соңуна чыгарын билдирген. Ал эми Азимбек Бекназаровдун айтымында, эл аралык эксперттер иштин тыянагын дагы бир ирет карап чыккандан кийин айыптуу деп далилденгендерди өткөрүп берүү иштери башталат:

- Биздин миграция кызмат, анан ошол эл аралык уюмдардын өтүнүчү боюнча токтотуп туруп атабыз. Көзүңөр менен көргүлө, таанышкыла деп, материалдарды да берип атабыз. Мына ошолор кармап атат. Эгер тогузунда (9-июль) бүтсө, тогузунан кийин кылмыш жасагандыгы аныкталган адамдарды чекесинен бере баштайбыз.

Бекназаровдун айтымында, СИЗОдогу 29 адамдын 12синин иши биротоло териштирилип бүттү. Алардын бирөө адам өлтүрүү фактысы боюнча соттолгон, калгандарына Өзбекстан адам өлтүрүүлөргө, терракттарга катышкан деген өңдүү айыптарды таккан. Мындай адамдарды өткөрүп берүүгө Кыргызстан тарапты Минск макулдашуусу милдеттендирет дейт Бекназаров.

XS
SM
MD
LG