БИШКЕК. 8-июлда КМШ атынан келген орус байкоочулары «Кабар» маалымат агенттигинеде пресс-конференция өткөрүп, шайлоо өнөктүгүнө жана добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө баа берүүнүн медотикасы боюнча өз ойлорун ортого салды. Алардын пикиринде, ЕККУнун байкоочуларынын шайлоону кандай шартта демократиялык мүнөздө өттү деп баалоо боюнча так аныкталган чен-өлчөмдөрү жок. Ал эми КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолорго баа берүүдө саясий субъективизмге орун берилип, эл аралык мамилелердеги маселелерди чечүүнүн куралына айланып баратат.