Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

ОШТО “ХИЗБ-УТ ТАХРИРДИН” ҮГҮТҮ КҮЧӨДҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Шайлоо алдында Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун президенттик шайлоого байланышкан баракчаларды таркатыла баштады. Баракчалардагы чакырыктардын мазмунунда Куран жана сүннөт менен өкүм жүргүзбөгөн адамды шайлоо арам деп жазылган. Бул боюнча Ош шаардык мусулмандар казыяты хизбутчулардын мындай аракетин айыптаган билдирүү таратты.

Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн мамычаларында “Хизб-ут Тахрир” диний уюмуна таандык жогорудагыдай маанидеги кыргыз жана өзбек тилдериндеги баракчалар илине баштады. “Хизб-ут тахрир” уюмунун жергиликтүү лидери Дилярбек Жумабаев Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында жогорудагыдай мазмундагы баракчаларды таркатуунун маанисине мындайча токтолду:

- Мусулман болгонубуздан кийин социализмби, демократия болобу биз ислам идеологиясы менен жашашыбыз керек. Исламда экономика кандай болуш керек, социалдык проблемалар кандай чечилиш керек, адам адам менен кандай мамиле кылыш керек, ошонун баарысы бар. Азыр турмушубузда бул нерселер жок. Ошол нерселерди жашоого кайтарыш керек.

Ал эми Ош шаардык казыятынын жетекчилигинин билдирүүсүнө караганда, хизбутчулардын Куран жана сүннөт менен өкүм жүргүзбөгөн адамды шайлоо арам деген чакырыгынын таркатылышы диндердин ортосундагы карама-каршылыкты пайда кылышы мүмкүн. Ош шаарынын казысынын орунбасары Закир Молдоакматалиев хизбуттахрирчилер диний түшүнүктөрдү президенттик шайлоонун алдында саясатташтырып жатышат деген пикирин билдирди:

- Эртеңки боло турган шайлоодо Алла талаа өзү пешенесине жазып койгон бир жакшы адам өтөт. Баракчаларды таратып, мындай иштерди жүргүзгөндөрү мүмкүн эмес. Ал инсандар кандайдыр бир жактарга, динибизди ар түрдүү иштерге буруп аткан болушу да мүмкүн. Мындай түрдүү агымдарга, уюмдарга көңүл бурбаш керек. Ар бир адам өз ишин жасасын. Биздин динибизге эмне үчүн эле мурдун тыгыша берет.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Конституциялык түзүлүшкө каршы келген маанидеги баракчаларды таркатып жүргөн “Хизбут тахрир” уюмунун бир канча мүчөлөрү камакка алынды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев жогоруда таркатылып жаткан чакырыктардын мүнөзү мыйзамга карама-каршы келе тургандыгын билдирди:

- Мындай чакырыктар биздин Конституциябызга карама-каршы чыккан чакырыктар. Ошондуктан бул нерсе биздин мыйзамга туура келбейт. Жоопко тартыла турган аракеттер болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG