Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Чоң сегиздин тобу Африкага жана жакыр өлкөлөргө жардам көргөзүүнү макулдашты


Чоң сегиздин тобуна кирген өлкөлөрдүн саммити бүгүн Шотландияда аяктады. Конок ээси, британ премьэри Тони Блэр анын жыйынтыгын жогору баалады. Дүйнөдө абы-ырайынын жылып бара жатышы жана Африкага жардам көргөзүү саммиттин күн тартибиндеги башкы маселелер эле. Чоң сегиздин тобу Африкага жана башка жакыр өлкөлөргө жалпысынан 50 миллиард доллардык жардам берүү чечимине келди. Бул Палестин автономиясына берилүүчү 3 миллиард доллардык жардамды да камтыйт. Ал эми глобалдык жылуулук маселесинде, Тони Блэрдин айтымында, саммит дүйнө буга каршы чара көрүш керектиги жөнүндө мунасага келди:

-Биз баарыбыз, бул проблеманы чечүү, азыр чечүү керек деген ишенимдебиз. Келечек үчүн диалогду улантып, дүйнөнүн экономикалык жактан эң кубаттуу мамлекеттерин, Американы жана экономикасы жигердүү өнүгүп келе жаткан Кытай жана Индия сыяктуу өлкөлөрдү да тарткан план иштеп чыгышыбыз керек.

Чоң сегиздин тобуна АКШ, Британия, Франция, Италия, Германия, Жапония, Канада, Орусия кирет.

XS
SM
MD
LG