Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:33

Лондондогу кечээги жардыруунун курмандыктарынын саны 50дөн ашты


Лондондун полиция башчысы Иен Блэрдин бүгүнкү пресс- конференцияда билдиргенине караганда, курман болгондордун айрымдарынын сөөгү азыр да метродо, урандылардын алдында кала берип жаткандыктан, алардын саны көбөйөт. Маселен бүгүн белгилүү болгондой, Лондондун борборунда эки кабаттуу автобустун жарылуусунан каза тапкандардын cаны 13тү түзгөн. Кечээ ал жерде өлгөндөрдүн саны 2 адам деп маалымдалган болчу. Ал эми жаракат алгандардын саны 700дүн тегерегинде. Полиция башчысы Иен Блэр белгилегендей, жардырууларда "ал-Каида" терродук кыймылынын баардык белгилери бар, бирок азырынча жардырууну жанкечти жасаганы жөнүндө кандайдыр бир далил жок. Мурдарак Лондондогу жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүн "ал-Каиданын" Европадагы бөлүмү деп атаган уюм өзүнө алган эле. Мунун аралыгында британ полициясы жардырууну уюштургундарды издөөдө. Лондондогу жардырууларды мусулман дүйнөсүнүн саясий жана дин ишмерлери да айыпташты.

XS
SM
MD
LG