Ирактагы америкалык контингенттин өкүлдөрү Анбар провинциясында козголоңчуларга каршы ири аскерий операция башталганын жарыялашты. Бейшембиден тарта Фаллужа шаарынын жанындагы Зайдан деген шаарчада рейд өткөрүлүп жатат. Ага АКШнын деңиз күчтөрүнүн 500дөй жоокери, 100 чакты ирактык аскер катышып жатат. Азырынча 22 шектүү адам кармалды. Буга чейин ушул эле аймакта 3 операция өткөрүлгөн.