Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Нарын райондук шайлоо комиссиясында 901 бюлльетендин ашыкча экендиги ачыкка чыкты

НАРЫН. Өткөн парламенттик шайлоодо Нарын районунда 23 миң 825 шайлоочу ГАС шайлоо системасына кирген. Ал эми 10-июлда болуучу президенттик шайлоого карата Нарын райондук шайлоо комиссиясы тарабынан 22 миң 938 шайлоочунун тизмеси аныкталган. 9-июлда аталган райондогу 32 шайлоо участкасына бюлльетендер таратылгандан кийин 901 бюлльетен ашык чыкканы белгилүү болду. Натыйжада ал бюлльетендер кесилип, жарактан чыгарылды.
XS
SM
MD
LG