Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Жалалабад облусунда шайлоо күнү коомдук тартип бузууларга жол бербөө иш чарасы көрүлүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. 9-июлда облуста президенттик шайлоодо коомдук тартип менен коопсуздукту сактоо жана мыйзамсыздыктарга жол бербөө максатында атайын укук коргоо адистеринен түзүлгөн мобилдик топ ишке киришти. Ар бир район, шаардык комиссиялардын алдында уюштурулган ушундай эле мобилдик топтор үгүт иштери менен шайлоонун жүрүшүнө кийлигишпөөгө көрсөтмө алышты. Андан сырткары облустагы 385 участканын ар бирине үчтөн, ал эми кээ бир участкаларда бештен милиционерлер бекитилип, алар коомдук тартипке көзөмөл салуудан башка округдук жана участкалык шайлоо комиссияларын президенттик шайлоо аяктагыча коруй турган болушту. Мындай маалымат 9-июлда облустук бийликтин укук коргоо органдары менен иштөө бөлүмүнөн алынды. Бөлүмдүн маалыматына караганда, чегара жайларында да коопсуздук иштери күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG