Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Иракта жанкечтилердин бүгүнкү жардырууларынан 20дан ашуун адам мерт болду


Бүгүнкү жардыруулардын эң ириси башкаала Багдаддын батыш тарабында армия менен полицияга ыктыярдууларды кабыл алуучу борбордун жанында жасалган. Дарыгерлердин айтымында, андан кеминде 18 адам өлүп, 40тайы жаракат алды. Окуяга күбө болгон полицейлердин бири мындай дейт:

-Мутхана аэропортундагы кабыл алуу борборуна келген адамдардын тобу жолдун башка тарабында турушкан. Биз аларга жолдон кесип өтүүгө жардам берип жатканбыз. Алар дарбазанын алдында топтолуп турган кезде, денесине жардыруучу заттарды ороп алган адам арасына кирип келип, өзүн жардырып жиберди.

Ирактык ыктыярдууларды полицияга жана армияга алуучу борборлордо жанкечтилер буга чейин да бир нече жардырууларды жасашкан эле. Интернет аркылуу таратылган билдирүүдө бул жардыруу үчүн да теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал- Заркаунин тобу жоопкер болду.

Ушундай эле жарылуу түндүктөгү Киркук шаарында жергиликтүү бийликке караштуу имараттардын биринин жанында болгондо, андан үч адам өлүп, 10ну жаракат алды. Мосул шаарында болсо жанкечти жергиликтүү полиция башчыларынын биринин автокербенинин жолунда жардыруу жасап, андан 4 полицей каза таап, үчөөсү жаракат алган. Мунун аралыгында АКШнын алты жүздөй жоокери ирактык аскерлер менен бирге козголоңчуларга каршы төртүнчү ири операциясына киришти.

XS
SM
MD
LG