Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Эл аралык байкоочулар президенттик шайлоо адилет өттү деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстандагы президенттик шайлоо ачык, эркин, эл аралык талаптарга ылайык өттү. Мындай билдирүүнү курамына алты өлкө кирген Шанхай кызматташтык уюмунан келген байкоочулардын жетекчиси Серик Нарысов 11-июлда өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Ушул эле күнү шайлоонун жыйынтыгы боюнча Көз каранды эмес өлкө шериктештигинен келген байкоочулардын жетекчиси, КМШнын аткаруу комитетинин башчысы Владимир Рушайло жасады. Анын айтымында, президенттик шайлоо ачык айкын, мыйзам чегинде өткөрүлдү. «Биз шайлоонун жыйынтыгын тааныйбыз жана колдойбуз» деп кошумчалады Владимир Рушайло.

XS
SM
MD
LG