Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстанда жаңы президент шайланды


Борбордук шайлоо комиссиясы Курманбек Бакиевди өлкөнүн жаңы президенти деп жарыялады. Бакиевди жекшемби күнү добуш берүүгө катышкандардын 89 проценти колдогон, анын калган беш атаандашынан эч ким төрт процент өлчөмүндө добуш топтой алган эмес. Добуш берүүгө шайлоочулардын 74 проценттен ашыгы катышты. Эл аралык байкоочулар, алардын ичинде ОБСЕнин миссиясы бул жолку шайлоо демократиялык чен-өлчөмдөрдөн алганда олуттуу прогресс болгонун белгилешти.
XS
SM
MD
LG