Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО, КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН ЖЕҢИШИ, ЖОГОЛГОН “ АЛТЫНДЫН” СЫРЫ


Президенттик шайлоонун жыйынтыктары, Курманбек Бакиевдин жеңиши, шайлоонун жүрүшү өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема болууда.

12-июлда жарык көргөн “Агым” гезити жаңы президент болуп шайланган Курманбек Бакиев менен биринчи интервьюну жарыялады. Анда Феликс Куловду премьер-министрликке сунуш кылаары, жаңы оппозицияга кысым болбостугу, АКШнын аскер базасы, өзбекстандык качкындар, парламент тууралуу айткан.

«Астанада өткөн Шанхай кызматташтык уюму АКШнын Бишкек менен Ханабадда жайгашкан аскер базалары чыгып кетсин маанисинде билдирүү жасагандан кийин Вашингтон тарап 10-июлдан кийин кыргыздардын демократиясына 200 миллион доллар белек беребиз деген убадаларынан айный тургандыгын кыйытышты» деп жазды «Агым» гезити .

Ошондой эле Түркиядагы элчи Мамбетжунус Абылов Анкаранын расмий гезиттерине "Революциянын атасы – Үсөн Сыдыков, энеси - Роза Отунбаевабы?" деген макала жазып, Аскар Акаевди аесуз сынга алып, учурдагы бийликти айга-күнгө теңегенин, дипломатиялык эрежени сактабаганын «Агым» гезити талдоого алды.

Ушул эле гезит "Пинара" мейманканасында эски Жогорку Кеңештин депутаттары тамак ичип, тост сүйлөп, чер жазып алышканын, вице- премьер-министр Адахан Мадумаров жаңы парламенттеги кесиптештерин "абийирсиздер" деп атап, баштан-аяк сынга алганын, аны спикер Өмүрбек Текебаев "Адахан, тескери бассаңар, биз силерди көзгө эмес, башка жериңерге да саябыз!" деп оозун жап кылганын» жазды.

“Орусиянын "Аргументы и факты" жумалыгына маек курган убактылуу вице-премьер Данияр Үсөнов бийликке байлар гана келиш керектигин, өзүнүн 3 миллион долларлык пулу бар экенин айтып, кембагал кыргыздарды шылдыңдады” деп маалымдайт 12- июлдагы “Агым” гезити.

12- июлдагы «Агымда» эл ичинде «легендарлуу» деп аталган парламенттин депутаты, генерал Бейше Молдогазиевдин алтын чыры боюнча маегинин уландысы жарыяланды. Бул жолку маектешүүдө Аскар Акаевдин бийлиги кыргыз алтынын кантип аласалдырып, өлкөгө түшөр 80 пайыз пайданы кантип 30 пайызга түшүргөнү, “Сиабеко” фирмасы менен келишимге кимдер кол койгону, “Кумтөр”, “Жерүй” алтын кендери жең ичинен сатылып кеткени, алтын маселеси боюнча ошол учурдагы жетекчилер Турсунбек Чыңгышев, Эсенгул Өмүралиев, Амангелди Муралиев жана Дастан Сарыгуловго сын айтылып, чындыктын бети ачылат. Гезиттин кабарчысы Алым Токтомушевге берген маегинде генерал Бейше Молдогазиев «Амангелди Муралиев адегенде мамлекеттик катчы, анан Экономика жана финансы министри болуп иштеген убактарда алтынга болгон арам иштер башталган. Өкмөттүн өнөржайы боюнча мамкатчы болгондон кийин сөзсүз ал бүт маселенин майда-чүйдөсүнө чейин билиши керек болчу. Ага багыт берип, көзөмөлдөп турууга милдеткер эле. Кыскасы, мамлекеттин жана өкмөттүн кабыл алынуучу чечимдерин даярдоосуна да, бекемделишине да жана иш жүзүнө ашырылышына да биринчи скрипкада ойной турган адам эле. Комиссияга берген жообунда Амангелди Муралиев «алтын казып алуу, жөнөтүү маселелеринде кемчиликтер болгонун, президент менен премьер-министр анын сунуштарын кабыл албай койгонун, бул иш өтө жашыруун жүргөнүн айтып актанган» дейт генерал Бейше Молдогозиев «Агымга» берген кезектеги маегинде.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

- 10- июлдагы президенттик шайлоонун жер- жерлерде кандай деңгээлде өткөнү тууралуу маалыматтар, алатоолук космонавт Салижан Шариповдун Бишкек мэри Аскар Салымбеков менен жолугушуусу, журналисттердин укуктарын коргоочу Илим Карыпбековдун кеңештери, “Заар калем” берүусүнүн заар суроолоруна кионрежиссерлор Тынай Ибраимов менен Замир Эралиевдин жооптору, окурмандардан келген кат-кабарлар, криминалдык окуялар жана маданий жаңылыктар жарыяланды.

12-июлда жарык көргөн “Аалам” гезитинин кабарчылары 10-июлдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын, Аскар Акаевдин убагындагы шайлоодон учурдагы шайлоо эмнеси менен айырмаланганын өлкөнүн атуулдарынан, коомдук ишмерлерден сурап, алардын пикирлерин жарыялады.

«Асаба» партиясынын мүчөсү Сагымбек Момбеков: « Акаевдик шайлоодо бүт администрация жапа тырмак иштешчү. Чынында эле калыстык жок болчу. Акаев жылма саясаты менен элди бийлеп келген. Азыркы шайлоонун өзгөчөлүгү элдин баары активдүү катышып, келечектеги президентин тандады» деп жооп берген.

«Аалам» гезитинин суроолоруна президенттикке талапкер, КДКнын лидери Жыпар Жекшеев: « Шайлоонун жыйынтыгына көз жүгүртсөк эски бийликтин системасы менен эле өттү. Шайлоочулар менен жолугушууда элде нааразычылыктар айтылып жатты. 24-марттагы революцияда кабыргасынан коюлган талаптар эч аткарылган жок. Элдин 88,8 пайызга колдоп кетүүсү жомоктогудай эле иш болду. Эл мынчалык колдобойт болчу, мыйзам бузуулар көп катталды. Экинчи Түркмөн башчысы эле келди. Бүгүнтөн тартып таптакыр башкача заманда жашай баштайбыз, жакшы жагына эмес, тескерисинче жаман жагына кеттик деп кесе айталам. Көп жагына артка кеттик. Мезгил өзү тараза, аны да убакыт көргөзөт. Акаевдин убагындагы шайлоодон эч айырмасы жок болду,»- деп жооп берген президенттикке талапкер Жыпар Жекшеев.

Ошондой эле «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов өзүнүн бейөкмөт уюму элүүдөн ашуун шайлоо участогуна көзөмөл жүргүзгөнүн, мыйзам бузуулар болгонун айтып, «Эми чындыгын айтканда, шайлоо болбой эле, Акаевдин ордуна толук каршы добуш берүү болду» дейт Эдил Байсалов.

11- июлдагы “Вечерний Бишкек” гезити өлкөнүн атуулдары стабилдүүлүк жана бейпилдик үчүн Курманбек Бакиевке добуш бергенин маалымдады.

12- июлда басууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” белгилүү адабиятчы Абдыкерим Муратов менен кабарчы Айзаада Көчкөнбаеванын маеги жарык көрмөкчү. Анда учурдагы адабиятка көз караш, жазуучулар кошуну, “Алатоо” журналы жана жаштардын чыгармачылыгы тууралуу кеп болот. “Адабий гезит” Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Архат” романынан жана Көчкөн Сактановдун “Сталинден кийинки заман” романынан үзүндүлөрдү сандан-санга жарыялоодо.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG