Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Кайрадан түзүлгөн Жерүй кенинин жамаатынын коомдук кеңеши кыргыз өкмөтүнөн кенди иштетүү лицензиясын калыбына келтирүүнү талап кылууда


ТАЛАС. Өткөн айдын 28инде Талас районундагы Сасыкбулак айылында түзүлгөн Жерүй кенинин жамаатынын коомдук кеңеши кыргыз-англис биргелешкен ишканасына алтын кенди иштетүү боюнча берилген лицензияны өткөн жылы август айында Акаевдик администрация негизсиз токтоткондугуна нааразычылык билдирди. Эгер лицензия тез арада калыбына келтирилбесе эл аралык сот иштери башталып, ал бир нече жылга созулушу мүмкүн. Чет элдик “Норокс” компаниясы Жерүй долбооруна 23 млн. доллар каражат жумшаган. Эгер лицензия берүүдөн жаңы өкмөт баш тартса компенсациялык төлөмдөрдү эске алганда бул сумма алда канча көбөйүп кетери эскертилет. Кошумча айта кетүүчү жагдай, Жерүй алтын кени Кыргызстанга 350 млн. доллар пайда алып келет деген божомол бар. Бул күндөрү кенде алтын казууга даярдык жумуштары жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG