Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Террорчулукка карата америкалыктар менен европалыктардын пикири али ар башка


Лондон шаарында 7-июлда террор аракеттери ишке ашырылып, элүүдөн ашык адам курман болгондон кийин британ өкмөтү кошумча коопсуздук чараларын көрүүгө киришти, эл арасында болсо өлкөдө жашаган мусулмандарга каршы маанай өзгөрүүдө. Анткен менен жалпысынан алганда, эксперттердин пикиринде, Европа элдери арасындагы маанай көп деле өзгөргөн жок, анткени Европа мамлекеттери террорчулукка каршы көптөн бери күрөшүп келаткандыктан, анын өз алдынча тажрыйбасы бар жана ал негизинен саясий ыкмаларга негизделет.


Рим шаарындагы Эл аралык маселелер институтунун эксперти Жан-Пьер Дарнистин айтымында, Европа элдери дароо террорчуларга каршы кеңири согуш башташ керек деген пикирден алыс:

- Лондондогу чабуулдар Европадагы маанайды Ирак согушун колдоого бурган жок. Европадагы маанайды жалпылап алып караганда, Ирак согушунун айынан террор коркунучу ого бетер күчөдү жана Ирактын өзүндөгү абал дагы курчуду, ошондуктан Европага жаралып жаткан коркунуч азыр согушка чейинкиге караганда алда канча зор жана коопсуздук абалы дагы алда канча татаал деген пикир өмүр сүрүүдө.

Анткен менен британ премьер-министри Тони Блэр жана АКШ президенди Жорж Буш 11-июлда атайын билдирүү жасап, торрорчулукка каршы аракеттер күчөтүлө турганын кайталашты. Буштун айтымында, террор үйгө келбеш үчүн, аны сырттан жок кылыш керек:

- Биз өз чабуулубузду улантабыз. Душман менен биз Иракта, Ооганстанда жана бүткүл дүйнөдө согушуп жатабыз, ошондуктан ал биздин өлкөгө жолобойт.

Лондон шаарындагы "Сент Эндрюс" университетинин эксперти Магнус Рэнсторптун пикиринде болсо, коом арасында жаңы тынчсыздануулар пайда боло баштады:

- Лондондогу жардыруулардан кийин коом арасында тынчсыздануу пайда боло баштады, элдин пикиринде, АКШ менен коалицияга биригүү коомдун террордук коркунучка такалуу мүмкүнчүлүгүн күчөттү.

Аны менен катар, Британиянын өзүнүн мусулмандары дагы жардыруу уюштургандарды күнөөлөп жатат жана өлкөдө туруктуу жашаган мусулмандарга ал экстремисттердин тийешеси жок деп айтууда.

XS
SM
MD
LG