Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Иракта ири террор актылары болушу ачык айкын


Ирактын өкмөт башчысы Ибрагим ал-Жаафари Ирак элин ири террор аракеттеринен сак болууга чакырды. Анын оюнда козголоңчулар өкмөттүн ийгиликтери үчүн өч алуу максатында чабуулдарды күчөтүшү мүмкүн.

Кечээ парламентте сүйлөгөн сөзүндө Жаафари өткөн айда Брюсселдеги конференцияда Иракты калыбына келтирүү үчүн жардам алуудагы ийгиликтерден кийин, козголоңчулар айласы кетип, өткөн аптада Египеттин элчисин өлтүрүп салышкан.

Ал ошондой эле өлкөдөн чет элдик аскерлерди чыгаруу маселесине токтолуп, “Коалиция күчтөрү качан гана Ирак армиясы өлкөнү коргоого даяр болгондо чыгарылышы мүмкүн” деди.

Ал-Жаафари америкалык жана башка чет-өлкөлүк аскерлер айрым гана шаарлардан кетиши мүмкүн экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG