Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

Конституциялык кеңешменин курамындагы атуулдук коомдун өкүлдөрү жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. 13-июлда өлкөнүн Баш мыйзамына толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Конституциялык кеңешменин курамындагы бейөкмөт жана укук коргоо уюмдардын өкүлдөрү жыйын өткөрүштү. Анда Конституцияга өзгөртүүлөрду киргизүү боюнча долбоорго сот системасын реформалоо, атуулдардын тынч чогулууга, пикет, миттингдерди өткөрүүгө болгон укуктарын кепилдөө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчөтүү маселелери боюнча сунуштар айтылды. Жыйынга Польшадан келген белгилүү юрист, конституциялык укук жана адам укуктары боюнча адис Виктор Осетянский да катышып, Конституциялык кеңешме тарабынан жактырылган долбоорго карата өз пикирин билдирди. Конституциялык кеңешме тарабынан атуулдардан Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар 15-июлга чейин кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG