БИШКЕК. Кытай Эл Республикасынын башчысы Ху Цзиньтао шейшембиде президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевди жеңиши менен куттуктады. Бишкекке жолдогон катында Ху Цзиньтао эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгын, ынтымак коңшулук, достук байланыштарды мындан ары өркүндөтүүгө даяр экендигин билдирген. Германия тышкы иштер министри Йошка Фишер Кыргызстандагы президенттик шайлоонун ачык, айкын өтүшү менен куттуктап, Курманбек Бакиевдин президенттикке шайланышы Кыргызстандагы демократия жана коопсуздук үчүн башталган жолду уланта тургандыгын билдирген. Ошондой эле президенттик шайлоодо эл аралык стандарттын нормалары сакталып, демократиянын өнүгүшүнө багытталган кадам жасалгандыгын белгилеген.
Курманбек Бакиевдин наамына Беларус Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов, Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов телеграмма жолдошкон. 13-июлда Курманбек Бакиевдин наамына Европа Комиссиясынын президенти Жозе Мануэл Баррозудан, Евразия Экономикалык биримдигинин Баш катчысы Григорий Рапотадан куттуктоолор келип түштү.