Манифестацияга чыккандар филиппин президенти Глориа Арройонун бийликтен кетишин талап кылышты. Соңку кездери Филиппинде Арройону былтыр өткөн президенттик шайлоодо добуштарды бурмалап, шайлоочуларды сатып алуу менен бийликке келгени үчүн айыптаган маанай күч ала баштады.