Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Пакистандагы темир жол кырсыгынан кеминде 150 адам мерт болду


Алардан тышкары дагы 1000дей киши жаракат алган. Пакистан президенти Первез Мушараф бул кайгылуу окуя тууралуу мындай дейт:

- Бул - саботаж эмес, этиятсыздык жана шалаакылык. Кандай болгон күндө да бул эми тезинен түзүлүүчү комиссия тарабынан иликтөөнү талап кылат.

Кырсык бүгүн таңда Пенджаб жана Синд провинцияларынын аралыгындагы темир жолдо болгон. Оболу жүргүнчү поезддин бири эскертүү белгисин байкабай, станцияда токтоп турган экинчи поездди сүзгөн. Натыйжада рельстен чыгып кеткен ондогон вагондор карама-каршы жолдо тез ылдамдыкта келе жаткан үчүнчү поездге барып урулган.

XS
SM
MD
LG