Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Шалкар Жайсанбаев сурак берет


БИШКЕК. Аскар Акаевдин мезгилинде миллиондогон акчаларды алып качып кеткен атуулдар табылып, Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнө сурак беришүүдө. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында, Акаевдин убагында жыйырма төрт миллион долларды алып качып кеткен Кыргыз-газ мунайзат компаниясынын башчысы Шалхар Жайсанбаев Кыргызстанга 15-июлда келип сурак берет. Ошондой эле Бекназаров 2003-жылы эки миңдей аманатчынын 197 миллион сомун алып кеткен «Рентонгруп» ишканасынын башчысы Эдуард Пак 15-июлда Бишкекте аманатчылар менен жолугушуу өткөрөөрүн маалымдады. «Эдурад Пакка аманатчылардын акчасын кайтарып берүү үчүн үч ай мөөнөт берилди. Ал үч айдын ичинде өз карызымдан кутулам деп милдеттеме алды»,- деп кошумчалады Азимбек Бекназаров

XS
SM
MD
LG