Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

БОЗГУНДАРДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТЕН ҮМҮТҮ ЧОҢ


Жалалабат облусунун аймагында баш калкалап турган өзбек бозгундары жаңы шайланган президент Курманбек Бакиевге «Ош шаарындагы тергөө абагында турган 29 адамды Өзбекстанга өткөрүп бербейт» - деген ишеним менен карашууда. Бозгундар Ош СИЗОсундагы кылмышы аныкталгандарды Өзбекстанга өткөрүү жөнүндө кыргыз бийлигинин айткандарын кооптонуу менен кабыл алышкан болчу.

Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүүсү менен облус аймагында баш калкалаган өзбек бозгундарынын президент Курманбек Бакиевден үмүтү чоң. Алар Оштун тергөө абагында жаткан 29 тагдырлашын Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү каалашууда:

- Жаңы президенттин 29 адамды кылмышкер деп шектенип жаткан Өзбекстандын прокуратурасына ишенбөөсүн өтүнөбүз. Оштун СИЗОсунда жаткан бул кишилер бизге окшогон жөнөкөй адамдар, Өзбекстанга өткөрүлсө, аларды өлүм күтөт, - деди Нигора аттуу бозгун аял.

Адил Ахмедов деген бозгун кыргыз бийлигинин «кылмышкерлерди мекенине кайтаруу керек» деген билдирүүсүнөн улам мындай суроолорду койду:

- Лагерден Өзбекстанга бербейбиз деп ишендирип алып кеткен 29 адамды эми эмнеге кайра беребиз деп жатышат? Аларды өткөрбөө жөнүндө Улуттар уюму менен мыйзам тастыктап турса, Кыргызстан эмнеге таянууда? Кыргызстан демократиялуу өлкө болсо, эмнеге эл аралык келишимдерди бузуп жатат?

Икромжон Жолдошов аттуу бозгун Оштун СИЗОсундагылар Өзбекстанга берилбейт деген ишенимде:

- Кыргыз бийлигине акылдуу адамдар келди, Өзбекстан сураган адамдарды бербесе керек деп өтө ишенем. Кыргызстанда – демократия күчтүү, элдин камын ойлогон, элге жакшы мамиле кылган эркиндик күчтүү.

Бозгундардын үмүтүнө карата облус прокурору Байтемир Ибраевдин жообу мындай болду:

- Өзбекстандын Башкы прокуратурасынан биздин Башкы прокуратурага берилген кагаздары менен азыр облустук прокуратуранын кызматкерлери иш жүргүзүп атат. 29 адам лагерден алынып, азыр Ош СИЗОсунда камакта отурушат. Тергөө аракеттери жүрүп жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG