Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

ПАСПОРТ КӨЙГӨЙҮ КӨПКӨ СОЗУЛЧУДАЙ


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда паспорт кризиси уланууда. Кыргыз өкмөтү улуттук паспортторду даярдоо боюнча өткөн жылы тендерди утуп алган молдовалык «Регистру» ишканасы менен тузүлгөн келишимди үздү. Кийинки аптада Кыргызстан улуттук паспорт чыгарууга кайрадан тендер жарыялайт. Ал максатта атайын комиссия түзүлдү.

Премьер-министрдин буйругу менен түзүлгөн атайын комиссия улуттук паспорт даярдоо боюнча кайрадан тендер өткөрөт. Ал эми буга чейин өткөрүлгөн тендерди утуп алган молдовалык «Регистру» ишканасы менен кызматташтык токтотулду.

Аталган ишкана менен түзүлгөн келишим өкмөттүн токтому менен жараксыз деп табылды. «Регистру» ишканасы менен кыргыз өкмөтү паспорттун баасы боюнча бир пикирге келише алышкан жок. Молдовалык ишкана паспорттун бир бланкы үчүн 78 евро сураган. Бирок буга чейин ишкананын өкүлдөрү кыргыз өкмөтү аны менен түзүлгөн келишимди сактабагандыгы үчүн Лондондогу арбитраждык сотко 20 миллион евро өлчөмүндө айып пул талап кылган доо арызын жолдой тургандыктарын билдиришкен.

Жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча түзүлгөн комиссияны өкмөт аппаратынын коргонуу жана тартип коргоо органдары боюнча бөлүм башчысынын орун басары Жоробек Айдаров жетектейт. Тендердик комиссиянын курамына тышкы иштер, ички иштер, юстиция министрликтеринин, улуттук коопсуздук кызматынын, маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча агенттигинин өкүлдөрү киришти.

Комиссиянын алдындагы иштерге байланыштуу Жоробек Айдаров мындай дейт:

- Азыр биздин алдыбызда турган башкы маселе – тендерди өткөрүү боюнча документтерди тез арада даярдоо. Андан кийин тендер жөнүндө расмий жарыялашыбыз керек. Тендерге каалаган бардык компаниялар катышышы керек. Ал үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү шарт. Тендерди өткөрүп, утуп алган компания менен биз келишим түзүшүбүз керек. Тендер ачык, тунук өткөрүлүшүнө бардык шарттар болот .

Жоробек Айдаровдун маалыматына караганда, кайрадан тендерди өткөрүп, жаңы паспорттоду даярдоо иштерине жыл аягына чейин убакыт керек. Кыргыз тарап тендерден жеңип чыккан компанияга анын чыгымдары паспорттор сатылып бүткөндөн кийин төлөнөт деген сунушун айтмакчы.

Демек, бюджеттен бул иштерге акча каражаты сарпталбайт. Бул ирет тендерди өткөрүүгө Миграция боюнча эл аралык уюм жардам көрсөтпөйт. Буга чейин кыргыз өкмөтүнө паспортторду даярдоо боюнча тендерди өткөрүүгө миграция боюнча эл аралык уюму жардам берген. Аталган уюм маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча агенттигине техникалык жардам да көрсөткөн. Тактап айтканда, агенттикке 8 автомашина жана 8 млн. сом өлчөмүндөгү компьютердик жабдууларды акысыз берген.

Ал эми тендер өткөрүү боюнча комиссиянын өкүлдөрү билдиришкендей, Кениядан чыгарылган паспорттор Кыргызстанга алынып келинбейт. Маалымат технологиялар жана ресурсттар агенттигинен алынган маалыматка ылайык, Англиянын «Дуляру» компаниясынын Кениядагы ишканасынан чыгарылган 119 миң паспорттун 10 миңи мындан бир ай мурда Бишкекке алынып келинген. Алар паспорту жок атуулдарга таркатылып берилеби жокпу – азырынча белгисиз.

Бул жөнүңдө маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча агенттигинин кызматкери Нургуль Артымбаева буларга токтолду:

- Биз «Деляру» компаниясына кат жазып, кырдаалды түшүндүргөнбүз. Биздин атуулдарга паспорт керек болуп жаткандыгын айтканбыз. Алар 10 миң нуска жөнөткөн. Бирок азырга чейин растоможка да боло элек. Ага акча да жок. Анын үстүнө ал паспортторду аягына чейин калыбына келтирүүгө «Региструнун» бул жердеги техникалык жабдуулары да керек эле. Азыр эми бул ишкана менен кол үзүп жатпайбызбы. Ошондуктан, эми бул паспорт берилеби же жокпу белгисиз.

Буга чейин жаңы үлгүдөгү 20 миң паспорт ага муктаж атуулдарга берилген. Ал түгөнгөндөн кийин паспорту жокторго атуулдугун күбөлөндүргөн күбөлүк бериле баштады. Бирок бул күбөлүктөр Кыргызстандын гана алкагында жарактуу.

Учурда өлкө боюнча 300 миңге жакын адам паспорт алууга муктаж. Алардын жарымы быйыл жана былтыр мектепти бүтүргөндөр.

XS
SM
MD
LG