Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

“ОККУПАЦИЯНЫН СЫРЛАРЫ” ТАРЫХЫЙ ЧЫНДЫККА ДАЛ КЕЛЕБИ?


Өткөн жумада Чехиянын Карловы Вары шаарында аяктаган эларалык кинофестивалда беларуссиялык режиссер Андрей Кудзиненканын “Оккупациянын сырлары” деген фильми көргөзүлдү. Тасма 3 жыл илгери эле тартылган, бирок ал Беларустун көрүүчүлөрүнө тартуулана элек. Улуу Атамекендик согуш жөнүндө баяндаган фильмде беларус партизандары Советтер Союзунун тарыхында чагылдырылып келгенден катуу айырмаланып, кайдыгер, кай бир учурларда ачык эле чыккынчылар катары көргөзүлгөн.

Фильмдин көпчүлүк каармандарына советтер менен нацисттердин ортосунда тандоого туура келген. Алар өз тандоосун идеологияга эмес жеке кызыкчылыгына, максатына ылайык жасашкан, - деп баяндайт режиссер.

Карловы Варыга чейин фильм Голландия, Россия, Израиль, Германия, Эстония, Украинадагы кинофестивалдарга катышкан. Польшада болсо тасмага атайын сыйлык ыйгарылды.

Бирок мекенинде бул фильмдин жакында көргөзүлөөрү күмөн. Өлкөнүн маданият министрлиги ага тыюу салган. Өкмөттүн бул кадамы тууралуу Кудзиненка мындай дейт:

- Бийликтин бул чечиминен беларус көрүүчүлөрү гана жабыркады. Анткени тасма биринчи кезекте беларустарга багытталып тартылган. Бирок тыюу салуу менен өкмөт фильмибизге чоң реклама жасады.

Беларустун маданият министрлигине фильмдин эмнеси жакпай калды? Кудзиненка “тарыхый чындыктан” алыстагандыгы үчүн сындалганын айтат. Ошол эле мезгилде расмий статистика боюнча согуштун учурунда 350 миңге жакын беларус нацисттердин тарабына өтүп кеткен.

- Мага мындай аныктама беришти: “Фильм чындыкка дал келбейт. Ал согуш ветерандарынын сезимине катуу тийиши мүмкүн жана келечек муунга терс таасир тийгизет”. Ушундай советтик формулировка. Эң кызыгы – “тарыхый чындык” деген сөздөр.

Беларуста партизандар жөнүндө көптөгөн фильмдер тартылып келгендиктен мамлекеттик кинокомпания “Партизанфильм” деген атка конгон. Албетте, ошол фильмдерде партизандардын бардыгы позитивдүү каармандар болуп көргөзүлгөн. Алардан айырмаланып, Кудзиненка “оккупациянын сырларын” ачып, тарыхый чындыкты чагылдырат, - дешет фильмди көргөндөр.
XS
SM
MD
LG