Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

ЧОЛПОНАТАДА БИАТЛОН БОЮНЧА АЗИЯ КУБОГУ ӨТТҮ


Азия спорттунун тарыхында жайкы биатлон боюнча биринчи Азия чемпионаты кыргыз жергесинде чолпоната шаарында мындан 2 жыл мурда өткөрүлгөн. Ошондон бери жыл сайын жайкы биатлон боюнча Азия Кубогу же биринчилиги Ысыккөлдө өткөрүү салтка айланып баратат. Бул жолку Азия Кубогунда караколдук Жамила Турарбек кызы 2 алтын медаль жеңип, Азия аймагына таанылды.

Биатлон кышкы спорттун түрү болуп, белгиленген чектеги бутаны мылтык менен атып, лыжа менен жарышуу болсо, кийинки 10 жылдан бери жайкы түрүнүн да таасири арта баштады. Кышкысын спортчулар жонуна мылтыгын асынып лыжа менен жарышып, белгиленген чектен бута атса, жайкысын мергендердей жөө чуркап, атаандашып жүрүшөт. Кыргызстандык биатлончу жигиттер дүйнө чемпионаттарына, эл аралык мелдештерге катышып, азыноолак ийгиликке жетишкен. Мисалы, кыргызстандык эл аралык спорт чеберлери Максим Маленьких, Евгений Левданский жана Артем Тетенькин дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеген. Мына ушундай ийгиликтерди жана аракеттерди баалаган Эл аралык биатлон Союзу Азиянын биринчилигин, Кубогун Кыргызстанда өткөрүүгө макулдугун берген. Эл аралык биатлон Союзунун өкүлдөрү Ысыккөлгө келип, даярдыкты көрүп, демилгени колдоого алышкан.

Айрым маалымат каражаттары Кыргызстанда саясый абал кооптуу деген кабар тараткандыктан, бул жолу Азия Кубогуна 6 мамлекеттин: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Түркия жана Кыргызстандын 42 өкүлү катышып, Бишкектеги «Оберон» фирмасы демөөрчүлүк көрсөттү.

Чолпоната шаарындагы жайкы биатлондон Азиянын Кубогунда 4 км. спринт жарыштары, 6 км. аралыкка бирин бири кубалашуу атаандашуулары жана 7 км. аралыкка жеке жарыштар өткөрүлдү. Жигиттер арасында казакстандык Наил Гафаров баш байгенин ээси болду. Жаштардын мөрөй талашуусунда өзбекстандык Руслан Насыров марага озуп келди. Караколдук спорт чеберине талапкер Жамила Турарбек кызы кыздар арасындагы таймашта 2 алтын медаль жеңип, Азия Кубогунун ээси болду.

Чолпонатадагы жайкы биатлон боюнча Азия Кубогунун таймаштары тууралуу машыктыруучу Леонид Блошевич мындай дейт:

- Чолпонатадагы Азия кубогунда Кыргызстандын намысын коргогон Азия чемпиону Артем Тетенькин бардык этапта топ башы болуп келип, акыркы ирмемде гана казакстандык атаандашына алдырып коюп, күмүш байгелүү болду. Жалпы командалык эсепте Казакстан- биринчи, Кыргызстан- экинчи орунду камсыз кылышты. Ошентип, Кыргызстандын спортчулары 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгени кыргыз жергесине калтырып, намысты колдон чыгарбады. Эмки жылы да Азия Кубогу Ысыккөлдө өткөрүлөт.

Жайкы биатлонду өнүктүрүүгө Кыргыз жергесинде шарт жана мүмкүнчүлүктөр бардыгын Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери Темир Дүйшекев белгиледи:

- Бул спорт- кыргыз элинин мергенчилик өнөрүнө жакын. Кожожаш мерген да тоо-ташта жүгүрүп, кийик аткан эмеспи. Меймандарга Ысыккөлүбүз, жаратылышыбыз жагып , “эмики жылы да Чолпонатада Азиянын биринчилигин уюштургула” деген сунуштар түшүп жатат. Бул мелдешти өткөрүү менен Ысыккөлүбүздү рекламалап алдык. Биздин кыз-жигитер да чебердиги жогору экендигин көрсөтө алышты. Жайкы биатлон жаш спорт болгону менен келечеги кең. Айылда бул спортко шыктуу жигиттер, мергендер арбын. Аларга шарт түзүп, багыт берип, эл аралык талаптарды, эрежени гана үйрөтүү зарыл.

Кыргыз жергесинде өткөн Азия Кубогу жөнүндө Эл аралык биатлон Союзунун адистери жылуу пикирлерин айтышып, эмки жылы да Чолпонатада Азия биринчилигин өткөрүү ниетин билдиришти.

Ал эми кыргызстандык жигиттер сентябрда Лахтиде боло турган дүйнө чемпионатына расмий чакыруу алып, даярдык көрүшүүдө. Ошондой эле “быйыл октябрда Ташкентте өтчү Азия чемионатында Кыргызстандын командасы ийгиликке жетүүсү толук ыктымал” дешет спорт адистери.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG