Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: КУМСАЛАРДЫН БАШ КОШУУСУ, КИШИНИ ЧАГЫП, ЖАН БЕРГЕН ЖЫЛАН...


Испанияда кумсалардын алгачкы түгөйү расмий баш кошту. Өткөн айдын этегинде өлкөнүн парламенти гомосексуалдардын үйлөнүүсүнө уруксат берген мыйзамды жактырган эле. Эмилио Менендес жана америкалык атуул Карлос Герман 30 жылдан бери чогуу жашашат. Алардын баш кошуу салтанатын Испаниянын мамлекеттик сыналгысы толугу менен көрсөттү. Тойго бийликтеги социалисттер партиясынын социалдык маселелер боюнча жооптуу өкүлү Педро Сероло катышты. Көпчүлүк добуш менен кабыл алынган бул мыйзамдын оппоненттери да аз эмес. Кээ бир шаарлардын мэрлери кумсалардын никесин тааныбай тургандыгын айтышууда.


Телесериалдар өзгөчө улгайган пенсионерлер менен үйдө отурган аялдардын арасында өтө популярдуу болот эмеспи. Ошондой пенсионерлердин бири, италиялык София Торино жакшы көргөн сериалын ырахаттанып көрүп отурса, эң кызыктуу жерине келгенде, телевизору иштебей калат. Шашкалактап, толкунданып, эмнени кылаарын билбей калган София полицияга телефон чалат. “Тезинен келгиле, мага жардамыңар керек”, - деген үндү уккан полициячылар кемпирдин үйүнө жөнөшөт. 90 жаштагы София сериал эмне менен аяктаарын көрбөсөм болбойт, телевизорумду оңдоп бергиле дегенде, тартип коргоочулардын таң калганычы! “Мындай учурларда полицияны чакыруунун кажети жок”, - деп жооп беришкени менен, алар сеньора Торинонун телевизорун соңунда оңдоп беришти.


Индияда адаттан тышкаркы жана кызыктуу бир окуя болду. Индус кечилди чагып алган жылан бир аздан кийин жан берди. Анын себептерин азыр ветеринарлар менен доктурлардын тобу изилдеп жатат.
Бир күнү эртең менен кечил көп жылдан бери багып жүргөн кобрага адаттагыдай эле тамак берейин дегенде, ал анын колун чагып алат. Тропиктик аймакта жашаган эл үчүн жылан чагуу кадыресе көрүнүш. Бирок андан кийин күтүүсүз нерселер болду. Кобра кан кусуп, жерге кулап, жан берди. Кечилдер Бизванат Канварды дароо бейтапканага жеткиришет. Бирок аны текшерип чыккан дарыгерлер кечилдин саламаттыгы тап-таза дешет.
Ветеринарлар болсо жыландын өлүгүн изилдеп, азырынча эч кандай түшүндүрмө бере албай турушкандыгын айтышат.


Өмүрүнүн аягын Ыйык Елена аралында сүргүндө өткөргөн Наполеон Бонапарт англис тилин үйрөнүүнү чечиптир. Муну Лондондогу көргөзмөгө коюлган документтер далилдейт. Бийликтен кулатылган император англис гезиттери ал жөнүндө эмне деп жазышаарын өзү окуш үчүн душмандын тилин үйрөнүүгө киришиптир. Экспонаттардын биринен Бонапарт французча текстти англисчеге которууга аракеттенгенин көрсө болот.
Тарыхчы Питер Хикс “Наполеон англиялыктарга каршы эмес болчу. Англия Франциянын душманы болгондуктан, император аларга каршы күрөшүүгө мажбур болуп келген”, - деп ырастайт.
Францияда элдер Бонапарт англис тилин окуган дегенди укканда абдан таң калышты. Бирок ал англис тилин жөн жеринен окуган эмес. Наполеон тилди мурдаарак үйрөнсө, тилмечтерге төлөгөн канча каражат сарпттаарын ойлонгон болушу керек, - деп кошумчалайт Хикс.

XS
SM
MD
LG