Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:23

СЫЙКЫРДУУ БАЛА ТУУРАЛУУ ТҮРМӨКТҮН ЖАҢЫ КИТЕБИ


Замира Кожобаева, Прага шаары “Гарри Поттер” китеби өзүнүн сыйкырдуу кереметтери, каардуу сыйкырчылары жана фантастикалык каармандары менен миллиондогон окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Эми сыйкырчы бала, Жоан Кэтлин Роулинг айым өз күйөрмандарына жаңы алтынчы китепти тартуулады. Китеп бүгүн, ишембиде жарык көрдү.

Баалуу жүк жүктөлгөн оор автомашина жума күнү Нью-Йорктун канжолунда бара жатты. Ал британиялык жазуучу Жоанн Роулинг жазган “Гарри Поттер” китебинин акыркы бөлүгүнүн айнек кутуга салынган нускасын алып баратты.

Китеп “Каныша Мэри-2» кемесинде Атлантика океанын сүзүп өтүп, эми коопсуз жайга алынып келинди.

Жаш окурмандар 16-июлга караган түнү жарыкка чыккан “Гарри Поттер жана жарым тектүү Ханзаада” китебин түрмөктүн эң соңкусу катары чыдамсыздык менен күтүп жаткан.

Бул түрмөктүн алгачкы китеби 1997-жылы жарык көргөндөн бери анын 250 миллиондон ашык нускасы сатылган. “Гарри Поттер” орус, украин жана фарсы тилдеринен башка дагы 60тай тилге которулган. Ошондой эле бул сыйкырдуу бала туурасында үч кинотасма тартылган.


Түрмөктүн жаңы китеби сыйкырдуу бала тууралуу окуялардын алтынчы чыгарылышы болот.

Китептер Гарри Поттердин укмуштуудай жоруктары тууралуу баяндайт. Ал сыйкырчылардын өнөрүн сыйкырчылык мектебинде окуп үйрөнөт да, жамандык издеген кас душмандары менен тайманбай күрөшөт.

Демек, китептин жаңы чыгарылышын Гарринин күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүп келгенине таң калууга болбойт.

Интернеттеги китеп дүкөнү “Амазон. ком.”дун маалыматы боюнча, буга чейин эле Поттердин жоруктары тууралуу алтынчы китепти сатып алуу үчүн кайрылгандардын саны бир миллиондон ашты. Ошондуктан китеп сатуучулар да жаңы ийгиликтерге үмүттөнүп жатышат.

Британиядагы “Оттакардын дүкөнү” деп аталган бир нече китеп дүкөндөрүнүн ээси Жон Хоуоллс китеп тууралуу мындай деген оюн билдирди:

- Бул китеп жылдын мыкты китеби болду, ал гана эмес, кылымдын эң чоң китеби, бардык доорлордун эң ири китеби болуп калмакчы.

Хоуоллс өз дүкөнүнүн “Оттакардын дүкөнү” деген аталышын “Гарри Поттер” түрмөгүнүн жаңы китебинин жарыкка чыгуусуна арнап, ушул аптада “Поттакардын дүкөнү” деп өзгөртүп атап алды. Анын 130дан ашуун дүкөнү ишембиге караган түн ортосунда “Гарри Поттерди” сатууга ачылды, ал эми дүкөндүн кызматкерлери “Гарри Поттердин” каармандарына окшоп кийинип алышкан.

Хоуоллс “Гарри Поттер” балдарды китепти көбүрөөк окууга тартат дейт:

- Менин оюмча, мунун массалык таасири бар. Балдар “Гарри Поттерди” тажабай улам көп жолу окушат. “Гарри Поттердин” жаңы чыгарылыштары эки жылда бир жазылат, бирок ошол убакта балдар өздөрүнүн табитин канааттандыруу үчүн башка нерселерди да издеп калышат.


“Гарри Поттердин” автору биринчи китебинде Шотландияда жашаган жалгыз бой эненин жашоосу тууралуу абдан жакшы жазган.

Сыйкырдуу бала тууралуу китептердин түрмөгү Роулингди чириген байга айландырды. Анын “Гарриден” кийинки жашоосу кандай болот?

Бул тууралуу ал китебинин акыркы бөлүгү чыга электе эле ойлонуп көргөндүгү тууралуу Би-Би-Сиге берген маегинде минтип айткан:



- Мен үчүн аны токтотуп коюу өтө кыйынга турчудай. Бирок мен Поттерден кийинки турмушка деле бет алып келем, анткени азыркы учурда деле мен үчүн баары тең эле шаттанарлык болуп кеткен жок.

Бирок Поттер менен жазуучунун коштошуусуна азыр дале эртелик кылат. Демек, Гарри Поттер тууралуу китептин улам бир жаңы бөлүгүн күтүүдөн тажабаңыздар.
XS
SM
MD
LG