Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

ГАРРИ ПОТТЕР ДЕГЕН СЫЙКЫРДУУ ЖИГИТ ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ КИТЕП САТЫККА ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Британиялык жазуучу Жоана Роулингдин Гарри Поттер деген жигит тууралуу алтынчы китеби бүгүндөн тартып дүйнөнүн бир нече мамлекетинде бир мезгилде сатыла баштады. Британиянын ар башка шаарларынын дүкөндөрү бул китепти сатуу үчүн атайын түнкү саат он экиде ачылды.

Шотландиянын борбору Эдинбург шаарында китепти күткөн күйөрмандар менен автор Роулинг өзү жолукту:

- Мен силерге алтынчы бөлүктөн үзүндү окуп берейин: Абдан жакшы, деди Рон жана Гарринин дүкөндүн ичине алып кирди. Дүкөн сатып алуучуларга жык толгон экен, Гарри китептер турган шкафтарга жете албай койду, - деп окуду Ролинг өз китебинен бир үзүндүнү.

Китепти сатып алуу үчүн Британия жана Европанын башка мамлекеттеринде, Азия, Америка жана Австралияда түнкү саат он экиде дүкөндөр ачылаар алдында миңдеген адам кезекке туруп күттү.

- Китепти биринчи сатып алаган адам болуу - өтө зор нерсе, аны сөз менен айта албайсың, ушул жерде турган өзү зор нерсе, китептин өзүн окуу андан да жакшы, биз көпкө күттүк - эки жыл бою күттүк, дагы бир мүнөт күтүү менин көңүлүмдү оорутат, - дейт күйөрмандардын бири.

Китепти басып чыгарган басмакананын жетекчилигинин айтымында, китеп сатыкка чыккандан кийин 24 сааттын ичинде 10 миллион нуска сатылат деп күтүлүүдө жана ал жаңы рекорд болот. Китептин бешинчи тому 2003-жылы чыкканда жалгыз эле Улуу Британияда бир күндө бир миллион 700 миң нуска сатылган, эки жылдан бери болсо 13 миллион китеп сатылды.

Китеп боюнча бир нече кино да тартылды жана мурда жөнөкөй аял Роулингдин байлыгы азыр бир миллиард долларга жетти.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG