Орус коргоо министрлигинин айтымында, бүгүн Чеченстанда бир орусиялык аскерий тик учма кыйрап, анын ичиндеги тогуз адамдын сегизи набыт кетти. Алардын үчөө учкуч болчу, калган алты адам - жүргүнчү, жүргүнчүлөрдүн бири оор жараат алганы менен тирүү калды. Тик учма эмне себептен кыйраганы азырынча кабарлана элек.