Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

ЕККУнун тынчтык үчүн долбоору ишке киришүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму каржылоочу Жалалабат облусунда тынчтык менен диалогду өнүктүрүү долбоорун облустагы “Тынчтыкты куруу” деген коомдук бирикме ишке ашырат. Коомдук бирикмеден алынган маалыматка караганда, долбоор март ыңкылабынан кийин облуста пайда болуучу чыр-чатактар менен чыңалууларды четтетүү жана тынчтык жолу менен чечүү, эл менен коомдук тартип уюмдарынын өз ара мамилесин жакшыртуу максатын көздөйт. Долбоордун алкагында жергиликтүү бийликтер менен элдин кеңири чөйрөсүнүн катышуусунда район, шаар, айыл-кыштактарда пайда болгон жаңжалдардын себеп-жагдайлары талкууланып, чыр-чатактарды болтурбоонун жол-жоболору изилденет жана ар бир тармактын аткарар милдеттери такталат. Аскар Акаевди кызматтан кетирүү максаты менен облбийликти ээлеп, анын алдында митинг өткөргөндөр 20-мартта милициянын зордук-зомбулук менен кууп-таркатканы долбоордун жаралышына түрткү болгон. Ошол күнү имараты өрттөлгөн шаардык милицияга долбоор материалдык жардам көрсөттү.

XS
SM
MD
LG