Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

ЧОЛПОНАТАДАГЫ КЫРГЫЗ ЯХТАСЫ


Өлкөдө яхта, парус боюнча спорт түрүн өнүктүрүү үчүн Ысыккөл абдан ыңгайлуу. “Дордой” ассоциациясы 2002-жылдан бери кичи яхталарды куруп, анын үчөө Ысыккөлгө жеткирилген. Узундугу 8 метрлик яхталарга 7-8 киши түшүп, көл үстүндө сейилдөөгө ылайыкташкан. Ушул ассоциация жакында эле Кыргызстандагы алгачкы 15 метрлик “Шаршенбай М” деген аталыштагы яхтаны куруп, Бишкектен Ысыккөлгө жеткирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Маамытбай Салымбеков 2000-жылдары Санкт- Петербургга барып, орустардын көл унааларын куруу тажрыйбасына кызыгып, аны Кыргызстанда өнүктүрүүгө демилгечи болгон. Союз ырдырагандан кийин Ысыккөлдөгү яхталар да менчиктештирилип, айрымдары эскилиги жетип, керектен чыгып калган. Кээсинин тетиги табылбай, токтоп, каралбай калган. Ошондуктан келечекте Ысыккөлгө туристтерди тартуу, эс алууну эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн яхталарды жаңыртуу, куруу маселеси пайда болгон.

Ушул жуманын шаршемби күнү «Дордой» ассоциациясы чыгарган «Шаршенбай М» аталыштагы 15 метрлик чоң яхтаны Бишкектен куруп бүткөрүп, Ысыккөлгө жеткирди. Бул яхтанын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу «Дордой» ассоциациясынын вице- президенти Эркинбек Салымбеков айтып берди:

- Яхтанын узундугу 15-16 метр. 20-25 киши түшүп, бир жума боюу көл үстүндө жээкке келбей саякаттап жүрүүгө ыңгайлуу. Яхтанын ичинде эс алуучу жайлар, ашканасы, дааараткана жана душу да кошо курулган. Эл аралык стандарт, нормалар сакталган. Яхтага 15 тоннадан ашык жүк ташууга эсептелген. Мотору Финляндиядан алынып келинген. Эки түркүктүү парустар яхтага орнотулган. Кыргызстандын карагай курулуш материалдары жарабайт экен. Ошондуктан орустардын кеме курууда колдонуп жүргөн орус карагайынын тактайлары колдонулуп, өзүбүздүн усталар курду. Мындан мурда да 7 метрлик 3 яхта жасап, көлгө түшүрүп, калк кызматына арнаганбыз. Туристтер бул яхталарга түшүп, сейилдеп жүрүшөт.

«Шаршенбай М» атындагы яхта Кошкөл айылындагы «Дордой» пансионатында социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн бекер эс алып жүргөн 200дөн ашуун балдарын кезеги менен көл үстүндө сейилдетип келгенин «Дордой» ассоциациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Турсунбек Үсөнбеков маалымдады.

Жаңы яхтанын «Шаршенбай М» аталышынын жөнү бар. Мындан эки жыл мурда үй-бүлөсүнөн үч киши атылып, набыт болгон ишкер Шаршенбай Мааткабыловдун ысымы ыйгарылып, жаркын элесине арналган.

Кыргыздар да яхта куруу өнөрүн колго алышы жакшы жөрөлгө, деген пикирин айтты «Сенатор» гезитинин редактору Шекербек Калыков.

- Бул колдоого алчу демилге. Эми яхта боюнча эл аралык мелдештерди Ысыккөлдө өткөрүүгө мезгил жетти. Чет жактан яхталарды сатып, аны алып келүү кымбатка турат.Туристтердин көлүбүзгө көп келүүсүнө да өбөлгө болмокчу.

Ысыккөлгө орусиялык, казакстандык жана өзбекстандык ишкерлери да өздөрүнүн чакан яхталарын алып келишип, парус спорту менен машыгууларды өткөрүп жүрөт. Жылына бир жолу гана яхта жарыштары болоорун, мурда Каракол, Түп, Кажысайда, Чолпонатада жана Балыкчыда яхта клубдары болсо, учурда бул спортко көңүл бурубай жатканын парус спорт чебери Арслан Мухаметжанов айтты:

- Бизде мыкты машыктыруучулар, адистер бар. Чынында эле яхта- парус спортуна көңүл бурулбай келгени өкүндүрөт. Техникалык жабдуу жагынан жана каражат маселеси гана кендирди кесип турат. Көпчүлүк адистер башка жактарга кетип калышты. Жылына бир жолу парустуу яхталар менен бир гана мелдеш өткөрүлүп жүрөт. Аны дагы демөөрчүлөрдүн жардамы менен уюштуруп жатабыз. Биздин жигиттер Пакистан, Индиядагы жарыштарга да барып келишкен. Казактар менен өзбектер Ысыккөлдө жайы-кышы машыгууларын өткөрүп, командаларын даярдап жүрүшөт. Кыргызстандыктар көлдүн мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай жүрөбүз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG