Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Барскоондуктар тынч митингге чыгышты


БИШКЕК. 18-июлда Тоң районундагы “Волна” жүк жүктөөчү жайында Барскоон,Тосор, Чоң жаргылчак, Кичи жаргылчак, Тамга айылдарынын тургундары тынч митинг өткөрүштү. Алар Кумтөрдөгү “Центерра Голд компани” ишканасынан 1998-жылы май айында Барскоон кырсыгында жабыр тарткан адамдарга дүйнөлүк стандартка ылайык моралдык жана материалдык жактан компенцация төлөп берүүсүн жана башка 9 талап коюшуп кыргыз өкмөтүнө да кайрылуу жолдошту. Эгерде талаптары аткарылбай турган болсо 25-июлдан баштап Кумтөр алтын кенине баруучу авто жолду тосо турган чечимге келишти. Бул тууралуу “Карек” коомдук уюумунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, 7 жыл аралыгында жогоруда аталган айылдардан 343 адам Барскоондогу кырсыктын кесепетинен каза болгон. Учурда 2 миңге чукул адам уулануудан ар кандай дартка чалдыгышкан.

XS
SM
MD
LG