Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Пакистан президенти Лондондо жардыруу уюштургандарды сынга алды


Пакистан президенти Первез Мушарраф кечээ күнү Исламабадда өткөн жаштар конференциясында чыгып сүйлөп, Лондон шаарында 7-июлда ишке ашырылган террор аракеттери Исламга каршы багытталган деп билдирди:

- Бул диний террорчулук, Исламдын атынан жасалган террорчулук чындыгында Исламга каршы багытталган. Исламдын атынан жасалып жаткан жанкечтилик террорчулук ислам эмес. Курани карим ошого үйрөтөт бекен?

Анын айтымында, 55 адамдын өмүрүн алып кеткен Лондондогу жардырууларды Курандагы бир да сөз актабайт. Андан тышкары Мушарраф - Пакистандын аймагында аракеттенген кээ бир медреселер экстремизм менен террорчулукка аралашканын моюнга алды.

XS
SM
MD
LG