Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 20-июлда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачын болбойт. Айрым облустарда абанын температурасы 39 градуска чейин жетет. Батыш тараптан жумшак желаргы жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн +16...+21, күндүз +32...+37 градус ысык.
Таласта түнкүсүн +10...+15, күндүз +31...+36 градус.
Республиканын Ош, Баткен, Жалалабат чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +21...+26, күндүз +34...+39 градус.
Нарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +28...+33 градус.
Көл кылаасында түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28 градус жылуу.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +34...+36 градус ысык болот.

Кабарлар топтомун Айданбек Акмат уулу, Чолпон Орозобекова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG