Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:55

Герхард Шрөдер Курманбек Бакиевди куттуктады


БИШКЕК. Германиянын федералдык канцлери Герхард Шрөдер Курманбек Бакиевди президенттикке шайланышы менен 19- июлда куттуктады. “Мен сизди чын жүрөктөн куттуктап, алдыңыздагы оор мүдөөлөрдү аткарууда ийгиликтерди каалайм” дейт Герхард Шрөдер. Анын пикиринде, Кыргызстан эми укуктук, демократиялуу бекем мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. “Бул жолдо Германия сиздин мамлекет үчүн ишенимдүү шерик бойдон кала берет” деп жазылат Герхард Шрөдердин куттуктоо телеграммасында.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG