Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

ӨЗБЕК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮСҮ АНЖИЯН ОКУЯСЫ ТУУРАЛУУ ТАСМАНЫ КАЙРА-КАЙРА КӨРСӨТҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Өзбекстандын мамлекеттик телеканалы 13-майда Анжиян шаарында болуп өткөн кандуу окуяларга байланышкан даректүү фильмди бир канча ирет кайталап көргөзө баштады. Аталган даректүү тасманын мазмунун көпчүлүк телекөрүүчүлөр ар түрдүү пикирде талдоого алышууда.

Анжиян шаарындагы кандуу окуяны чагылдырган бул тасма “Алтын өрөөндү титиреткен түн” деп аталат. Тасмада Анжияндагы кандуу окуяны күбөлөндүргөн бир канча учурлар камтылган.

Даректүү фильмде чогулган адамдарды коментатор террористтер катары сүрөттөп келип, куралданган кылмыштуу топ түрмөлөрдү бошотуп, мамлекеттик мекемелерди басып алууга аракет жасаган деп айыптайт. Даректүү фильмдин негизги каарманы катары Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бир канча ирет сүйлөп, көтөрүлүш чыгаргандар туурасында мына буларга токтолот:

- Бул жерде туруп алар Кыргызстандын Ош, Жалалабат шаарларына, керек болсо Ооганстанга телефон чалышкан учурлары болгон.

Өзбекстандын биринчи улуттук телеканалынан бир канча жолу кайталап берилген даректүү фильм жөнүндө Ош шаарынын айрым тургундарынын пикирлери мындайча:

- Бул тартылган документалдуу фильм ошол окуя болгон жерлерден тартылган. Бул көркөм фильм эмес, 60-70 пайызы туура.

- Фильмде көп фактылар бурмаланган, монтаждалган. Эл бекер жеринен курал көтөрүп чыккан жок. Мындайча айтканда, бул Каримовдун дүйнөлүк коомчулук алдында элдин көзүн жазгырып, мен ушундай кадамдарды аргасыздан жасадым деген эле аракети.

Ал эми 14-майда Кыргызстандын Жалалабат облусунун аймагына качып өтүшкөн адамдардын бири “Алтын өрөөндү титиреткен түн” деген аталыштагы даректүү фильмде келтирилген фактылардын жана аргументтердин одоно бурмалангандыгына токтолду:

- Менин пикиримде, Өзбекстанда мындай нерселерди уюштуруп коюуга уста кишилер бар. Мисалы, телекөрсөтүү мамлекеттин колунда. Бүгүн бир нерсени “ак” деп айтса, эртеси ошол эле нерсени беймарал эле “кара” деп койо берет, - деди өзүн Ахматжан Умидов деп тааныштырган өзбекстандык бозгун.

XS
SM
MD
LG