Газа секторундагы жөөт конуштарынын жоюлушуна тоскоолдук кылууну көздөгөн миңдеген демонстранттар бул нааразылык акциясын өлкөнүн түштүгүндөгү Нетивот деген шаардан кечээ башташкан болчу жана алдыдагы күндөрү алардын саны 100миңге чейин жетиши мүмкүн деген маалымат бар.
Израил өкмөтү демонстранттардын Газа секторуна келүүсүнө жол бербөө үчүн өлкөнүн түштүгүнө күн мурунтан жыйырма миңдей полицей менен аскер кызматчысын жайгаштырган эле. Дүйшөмбүнүн кечинде алар демонстранттардын жолун нааразылык акциясы башталган Нетиво шаарынын үч чакырымча алыстыктагы Кфар Маймон деген кыштактан тосуп, демонстранттар түндү ачык асман алдында, талаада өткөрүштү. Ал эми шейшембиде жолун улантмакчы болгон демонстранттар менен полицейлердин ортосунда кагылыш чыгып, 20дай адам кармалган.
Жүрүшкө чыккандар оболу Газа секторундагы Гуш Катиф конушуна жетүүнү көздөөдө. Гуш Катиф - Израилдин премьер-министри Ариэль Шарондун планына ылайык 17-августан тарта Газа секторунан көчүрүлүүчү 21 жөөт конушунун бири. Ариэль Шарондун планы боюнча Иордандын Батыш жээгиндеги жөөт конуштарынын да төртөөсү көчүрүлүшү керек.
Израилдин парламентиндеги улутчул саясатчылардын бири Бенни Еилон да демонстранттардын арасында жүрөт. Ал премьер-министр Ариэль Шаронду Газа секторунан кетүү планына каршылардын пикири менен эсептешпей жатканы үчүн айыптады:
- Бул чыныгы демократия үчүн чыныгы шерменделчилик. Премьер- министр өзүн тиран катары көргөзүүдө.
Нааразылык акциясына карабай, коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы калктын басымдуу бөлүгү Ариэль Шарондун планын жактырарын көргөзөгөн. АКШ жана башка эл аралык ортомчулар да Израилдин Газа секторунан кетүү планын колдошкон. Алар муну Палестина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга дем берүүчү кадам катары карашат.
Бирок тескерисинче палестиндер Шарондун планы аларга аймак ирээтинде Газа секторун гана калтырып, Иордандын Батыш жээгинде израилдиктердин тамыр жайышына жол ачат деп кооптонушат. Себеби Ариэль Шарондун планы боюнча, азыр Батыш жээкте жашаган 240 миңдей израилдиктин бир азы гана өз үйлөрүнөн көчүрүлмөкчү.
Ушундан уламбы палестин лидери Махмуд Аббас Шарондун планын жактырганы үчүн "Хамас" жана башка радикал уюмдар тарабынан катуу сынга алынган эле. Газа секторундагы согушкерлер акыркы күндөрү жөөт конуштарын бир нече жолу ракета менен атышты. Мунун алдында Нетанья шаарында жанкечти жасаган жардыруудан беш адам мерт болгон.
Бул окуялар өз кезегинде Израилди Газа секторунун чек арасын бойлой аскер жайгаштырып, "Хамастын" согушкерлерин бутага алган операцияларды кайра баштоосуна алып барды. Израил армиясы эгер согушкерлердин кол салуулары токтобосо, кеңири масштабдагы операция өткөрөрүн да эскертишкен.
Бирок эксперттер АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын ушул аптада Жакынкы Чыгышта болуучу иш сапары алдында Израил мындай кадамга баруусу күмөндүү экенин айтышат.
Шейшембиде Иордандын Батыш жээгиндеги атышууда жөөт аскерлери палестиналык эки согушкерди жок кылды. Коргоо министри Шауль Мофаздын айтымында алар терракт жасоого даярданып жатышкан.