Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

КУМТӨРДҮН АЛТЫНЫ, ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТКА КИРҮҮНҮН ЖӨРӨЛГӨСҮ


Кыргызстандын Конституциялык соту К. Бакиев президент болуп шайланганын ырастаган чечимин чыгарды. Жаңы президенттин кызматка киришүү расмий жөрөлгөсү 14-августта өтмөкчү. Өкмөт пенсияны көбөйтүүгө куштар, бирок аны эларалык каржы уюмдары жактырбайт. Башкы прокуратура экс-президентке экинчи ирет эскертүү берди.

Кыргызстанды таштап качып кеткен А. Акаев Москвада да жөн жатпай жалган жалаа, ушактарды таратып жатканы үчүн Башкы прокуратура экинчи ирет расмий эскертти, деп маалымдайт шейшембидеги «МСН» гезити.

Экс-президенттин орусиялык маалымдоо каражаттарына байма-бай берип аткан маектеринде «өкмөт үйүн алуучу миңдеген чаарбаштарды, кылмыштуу кишилерди аракка сугарып, ийне сайып…», «он миңдеген мас, көзү кызарган нашакорлорду тукуруп…», «бул конституциялык көңтөрүш…» деген сөздөр такай кайталанып келатат.

Эгер А. Акаев алыста туруп алып өлкөсү менен бийликти минтип жаманаттылай берчү болсо андан экс-президент жеңилдиктерин алып салуу маселесин Башкы прокуратура парламенттин күзгү сессиясына коюшу ыктымал экендигин А. Бекназаров билдирди, деп маалымдайт «МСН» гезити.

Ал арада экс-президенттин кызы «Вечерний Бишкек» гезити аркылуу жаңы бийликке көө жабуусун улантып жатканы Геннадий Кузьминдин «Бермет Акаева рекламасы» деген макаласында баяндалган. Өлкөнү талап-тоноп качып кеткен экс-президенттин кызы унчукпай эле койсо жакшы болмок, деп жазат Г. Кузьмин.

Кыргызстандын Социалдык фондунун төрайымы Ольга Лаврованын гезитте жарыяланган маегинде өкмөттүн пенсияны дагы 10% көтөрүү мүмкүндүгү бар экендиги, бирок аны эларалык каржы уюмдары менен макулдашып чечүү керектиги айтылат. «Алар каалаганда эле пенсияны көтөрө бергенди жактырышпайт», дейт О.Лаврова. Кыргызстанда бир иштеп аткан адамга үч пенсионер туура келет.

Акаев бийлигин дагы узартып калгысы келген, бирок анысына жетпей кетти, дейт 19-июлдагы «Слово Кыргызстана» гезитинде жарыяланган маегинде Үсөн Сыдыков. «Биздин адистердин эсептөөсү боюнча, «Кумтөр» Кыргызстанга 22 миллиард доллар бериши керек эле. Бирок да 9 жыл ичинде биз андан болгону 84 миллион эле доллар алдык. Анткени канадалыктар 200 тонна алтынды алып кетишти», деп маалымдайт президенттик акимчиликтин жетекчиси.

15 жылдан бери минималдуу эмгек акы 100 сомдон өйдө көтөрүлгөн жок. Казакстан бул аралыкта минимал эмгек акыны 7 эсе, Орусия үч жарым эсе көтөрдү. Минимал эмгек акы жок дегенде эң аз керектөө себетине жакын болуш керек, дейт Ү. Сыдыков.

Кыргыз өкмөтү жаңы паспорт даярдаганга тендер жарыялаганы калганын шейшембидеги «Аалам» гезити жарыялады. Молдовалык «Регистру» фирмасы чала даярдалган паспортторду сатып албаса кыргыз өкмөтүн эларалык сотко берерин каңкуулоодо. Кыргызстанда 300 миңдей адам паспорт алышка муктаж, деп жазат А.Надырбекова.

Кыргызстандын мамлекеттик токой кызматынын төрагасы Айткул Бурхановдун маеги 19-июлдагы «Эркинтоо» гезитинде жарыяланды. Токойду кыюу, аны мал жайытына айлантуу, ага кошуп антропологиялык таасирлердин күчөшүнөн улам токойлорго олуттуу зыян келтирилди, дейт токой кызмат жетекчиси.

19-июлдагы «Кыргыз туусу» гезити Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыповдун макаласын жарыялады. Анда автор Кыргызстанда мамлекеттик тил катары кыргыз тили гана колдонулушу туура экендигин ырастап, орус тилине расмий тил укугунун берилиши туура эмес деген пикирин билдирген. Анын ырасташынча, Улуттар уюмуна мүчө өлкөдө эларалык уюмдун жумушчу тилдери түгөлү менен расмий тил катары колдонулушу керек.
XS
SM
MD
LG