БИШКЕК. 20-июлда Кыргызстандын Улуттук гвардиясы уюшулгандыгынын 13 жылдыгын белгиледи. Ага байланыштуу аскердик көрсөтмө машыгуулар, туу алып өтүү аземи көрсөтүлдү. 13 жыл аралыгында аталган гвардияда 7 миң адам кызмат кылышкан. Алардын 120сы мамлекеттик ар кандай орден, медалдар менен сыйланган. Учурда Улуттук гвардиянын 6 жоокери Косово, Судан, Либерияда БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүндө кызмат кылышат. Ал эми 300гө чукул жоокерлер жана офицерлер АКШ, Түркия, Кытай, Орусиядан окуп келишкен. Бул тууралуу Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
1992-жылы 20-июлда Улуттук гвардиясы уюштурулуп, 300 жоокер аскердик ант алышкан.
1992-жылы 20-июлда Улуттук гвардиясы уюштурулуп, 300 жоокер аскердик ант алышкан.