БИШКЕК. АКШнын аскердик базаларынын Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында жайгашуусунун мөөнөттөрү боюнча маселе эки тараптуу форматтын негизде чечилиши керек. 20-июлда «Кабар» агенттиги жазып чыккандай, мындай пикирин Жамааттык келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа «Время новостей» гезитине берген интервьюсунда билдирди. Буга чейин АКШнын аскер башчыларынын бири Ричард Майерс Борбор Азия аймагындагы америкалык авиабазаларынын жайгашуусунун мөөнөттөрүнө байланыштуу маселе Россия жана Кытайдын демилгеси менен көтөрүлүүдө деген пикирин билдирген. Президенттин маалымат катчысы Авазбек Атаханов 18-июлда АКШнын Кыргызстандагы базасынын жайгашышынын мөөнөттөрүнө байланыштуу маселе эки тараптуу мамилелердин форматында чечилүүгө тийиш деп билдирген. Президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын улуттук коопсузудугун камсыз кылуу схемасы өлкөнүн кызыкчылыктарын жана эл аралык, регионалдык коопсуздукту эске алуу менен түзүлүшү керек деген пикирде.