Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

К. Бакиев менен Ф. Куловдун ортосунда кадр маселеси боюнча пикир келишпестиктер болушу мүмкүнбү?


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти расмий түрдө кызматка киришкенден кийин үч күндүн ичинде биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Мындай шарт президенттик шайлоонун алдында Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда түзүлгөн Меморандумда жазылган. Жаңы өкмөттүн курамын түзүүдө президент менен болочок премьер-министрдин ортосунда айрым пикир келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Мындай пикирин өлкөнүн вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Адахам Мадумаров 20-июлда «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген маегинде билдирди. Анын көз карашында, Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда кадрларды тандоодо өз ара түшүнбөстүктөр болушу толук ыктымал. Мадумаров ошону менен бирге президент жана болочок премьер-министр тигил же бул маселе боюнча өз ара пикир келишпестиктерин элге, коомго залакасын тийгизбей туруп чечүүгө толук жөндөмдүү экендигине ишене тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG