Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

М. Ниязов: “17-июндагы башаламандыкты уюштургандар жоопко тартылышы керек”


БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаев Бишкектеги 17-июндагы окуяга чейин жана андан кийин да кырдаалга байкоо жургүзүп, Бишкектеги айрым адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшүп турган. Сөз контрреволюцияны 2 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо жөнүндө болгон. Бул тууралуу өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов 20-июлда чыккан «Дело №» гезитине берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, 17-июндагы башаламандыкты даярдагандардын пландарына ылайык, өкмөт үйү ээленгенден кийин, өлкөдө башаламандык орун алмак. Жаңы өкмөттүн айрым мүчөлөрүн өлтүрүү пландары да болгон. Парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүңдө жарыя кылмак, президенттин милдетин башка адам аткара баштамак. Ал эми өкмөттүн ордуна «Улутту сактап калуу комитети» түзүлмөк жана ага албетте, жаңы адамдар кирмек. Коопсуздук Кеңешинин катчысы белгилегендей, бул пландарды даярдагандар жоопко тартылышы керек. Сот жообуна 10го жакын адам тартылышы мүмкүн. Эгерде 17-июндагы пландар ишке ашканда, Кыргызстанда атуулдук согуш башталмак, - деп айткан Миросла Ниязов «Дело №» гезитине берген интервьюсунда.

XS
SM
MD
LG