Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:10

АТБАШЫ АВТОБАЗАСЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЧУУ


Муруңку бийликке нааразы болгондор дагы эле жер-жерлерден жеке ишкерлердин менчигин басып алып жатышат. Жакындан бери Атбашыдагы автобазанын айланасында ушундай чуу болууда.

13-июлда Атбашыдагы автоунаа менчик акционердик коомунун 51 пайыз акцияга ээ 144 акционерлердин жетимишке чукулу басып алышып, сейфин ачышып, мөөрүн, документтерин алышкан. Акционерлер 2000-жылы 49,46 пайыз акциясын сатып алган Арстанбек Абдылдаев акыркы 3-4 жылда дивидент төлөгөн жок, бир дагы жыйналыш өткөн жок деп нааразычылык билдиришүүдө.

Акционер Дүйшөк Термечиковдун айтымында, акыркы 2000-жылы Нарын мамлекеттик мүлк фондусу Атбашы автобазасынын 1 млн. 600 миң сомго баалаганына карабай, кандайдыр бир себептер менен 250 миң сомго арзан сатылып кеткен. Акционерлер ушул жылдын башынан бери Арстанбек Абдылдаевге жыйналыш өтүп чогулалы дегенде, мөөнөтү улам алга жылдырылып жолукпай келет. Тирешүүдөн Дүйшөк Термечиков таяк жеп, ооруканага жатып чыкты. Бул иш азыр тергелүүдө.

Нааразы болгон эл мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине кайрылышып, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Атбашы автобазасынын 49,46 пайыз акциясын сатуу мыйзамсыз дегени негизсиз, бирок автоунаалар, автобустар сатылган эмес деген маанайда жооп алышты.

Атбашы автобазасына барганыбызда акционерлер менен турган акимдин орунбасары Акылбек Абыкеевге микрофон узаттык:

- Эл башынан эле нааразы болуп, көтөрүлүп келатат. Булардын талабы автобаза өзү арзан сатылып кеткен. Убагында 250 миң гана сомго сатылып кеткен экен. Автобазадан түшкөн акчадан дивидент алыш керек болсо, буларга эч нерсе тийбейт экен.

Нааразы болгондордун бир эле талабы бар – алар автобазаны мамлекет өз менчигине кайра алса дешет:

- Курманалиева Шейшебүбү, ушул жерде иштегем. Мыйзамсыз болуп атат. Акцияны өзүбүзгө кайтарып берсин деп пикетке чыгып атабыз. Дивиденттен бир тыйын көрө элекпиз.

- Атым Бекен. Ушул жерде эмгегибиз бар. 36 жыл иштегем. Эч үлүш жок. Машинанын баары Кытайга каттап атса булар кандайча зыян тартат.

Атбашы автобазасынын начальнигин Асанбек Турдакуновду иш ордунан, үйүнөн таппаган соң, бухгалтерин сөзгө тарттык:

- Атым Исламова Нургүл. Мен 2003-жылы келдим бухгалтер болуп. Мекеме чыгым тартып иштеп келиптир. Себеби киреше элди жана жүктү тарткандан түшөт. Бир айда орточо 35-36 миң түшөт. Жүк ташыган машиналар бизде жок, арендада. Эч кандай тетиктер менен, май менен да камсыз кыла албайбыз. Себеби биздин каражатыбыз жетпейт. Бирок эки жылдан бери жыйналыш өтпөй калды. Мыйзамсыз түрдө басып алсак болот экен, мына Акаевди деле басып алдык, силер эмне болуп калыптырсыңар, элдин ойлогону ушундай.

Нааразы болгон акционерлер эч пайда таппаса Арстанбек Абдылдаев эмнеге автобазага ээ болуп жүрөт, биз буга ишенбейбиз дешет. Эки тарап эми 13-август акционерлердин чогулушунда жолугушушат.

XS
SM
MD
LG